АКШнын мектеп окуучулары нааразычылык акциясына чыгышты

1102

«Биз курал-жарактын ээн-эркин сатылышына каршыбыз». Американын мектеп окуучулары Вашингтондогу Ак Үйдүн алдына ушундай билдирүү менен нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги билдирүүдө.

Чогулгандар америка бийлигинен өлкөдө курал-жарак сатуунун шарттарын катаалдаштырууну талап кылышууда. Окуучулардын нааразычылык акциясына чыгуусуна АКШдагы окуу жайларындагы ок атуулардын натыйжасында көптөгөн мектеп окуучулары курман болгону себеп болду. Бул көйгөйдү бийликке жеткирүү үчүн окуучулар жерге жатып алышкан.

Беш күн мурда эле Флорида штатындагы мектептердин бирине мурдагы окуучу кирип барып, 3 мүнөт аралыгында 17 окуучуну атып салган. Ушундай эле окуя 2012-жылы да катталып, анда 26 окуучу набыт болгон.