АКШнын Техас штатын каптаган «Харви» бороонунун кесепеттери

989

АКШнын Техас штатын каптаган «Харви» бороонунун кесепетинен бир катар шаарларда нөшөрлөгөн жаан токтобой, Хьюстон калаасын сел каптоодо. Миңден ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлүп, Улуттук метеорология кызматы бул шаарда «өзгөчө кырдаал» режимин киргизди.

Бул табият кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Техастын губернатору Грег Эббот жаан токтобой жаткандыктан, курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн, деп эскертти. Миңдеген тургундар электр жарыгысыз калышты. «Харви» бороону Рокпорт шаарына жакын аймакты дагы катуу кыйроолорго учуратты. Аталган калаанын мэри үйлөр, мекемелер жана мектептер талкаланганын маалымдады.

Эске салсак, Кошмо Штаттар мындай бороонго 2004-жылдан бери кабыла элек болчу. Анда «Чарли» бороонунун кесепетинен 15 киши курман болуп, кырсык келтирген жалпы чыгым 16 миллиард долларды түзгөн.