Аксы: Өзбекстанга чектеш айыл тургундары жер тилкелери алынганына нааразы

815

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 26 үйдүн короо-жайынын бир бөлүгү сүрдүрүлүп жатат.

Айыл тургуну Жаркынай Алимова “Азаттыкка” 11-сентябрда Чек ара кызматынын, райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип айылдыктар менен жолугушканын билдирди. Жолугушууда чек ара тилкесин тактап зым тарткан учурда айрым үйлөрдүн короолорун да тосууга туура келип жатканы айтылган.

— Бийлик бизди каршылыксыз бошотуп берүүбүздү талап кылып жатышат. Айрымдардын сарайлары жана башка имараттар жайгашкан. Аларды мажбурлап техника менен сүрдүрөбүз дешти, — деди Алимова.

Торуктун айыл башчысы Рахматилла Аманбаев да бул айтылгандарды ырастап, 26 үйдүн короолорунан 5 метрден жер алына турганын, аларга компенсация берүү маселеси каралбаганын маалымдады.

Ал эми Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Мавлянов билдиргендей, компенсация боюнча элден арыз-даттануу түшкөн эмес.

Торук айылында миңге жакын түтүн эл жашайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.