Аксы районунда 100гө жакын турак-жайдын короо сарайын суу каптады

840

Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол, Райкомол, Кечүү жана Тегене айылдарында 100гө жакын турак-жайдын короо сарайын суу каптап, аймакта ички чарбалык автожолдор зыянга учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда аймакта тиешелүү министрликтин ыкчам тобу менен Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Эске салсак, 13-мартта катуу жааган жамгырдан улам Баткендин Лейлек районунда бир катар айылдарында сел жүрүп, анын кесепетинен жолдор бузулуп, электр мамылары зыянга учураган. Учурда Аксы жана Лейлек райондоруна киргизилген «өзгөчө кырдаал» режими алына элек.