Аксы районунда сел жүрүп бир нече турак-жайды суу каптады

1362

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Авлетим айыл аймагында сел жүрүп бир нече турак-жайды суу каптады. Ошондой эле, Куру-Таш сайынан келген суу Дейрес — Талды-Булак ички чарбалык унаа жолундагы бетон көпүрөнү агызып кетип, жол каттамы токтогон.

Мындан тышкары, аймактагы 12 гектар айдоо жерин сель жууп кетти. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүшүүдө.