Аксы районундагы шахтада 26 жаштагы кишини таш басып каза болду

851

Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кара-Тыт айылындагы мыйзамсыз көмүр казылып жаткан шахтада Жолборсту айылынын 26 жаштагы тургунун таш басып калып набыт болду.

Окуя кечээ күнү кечки саат бештер чамасында болгон. Кырсык болгон жерге 12 куткаруучу тартылып, алар 5 саат бою таш алдында калган маркумдун сөөгүн издешкен. Түнкү 09:30 гана маркумдун денеси табылып, ал милицияга өткөрүлүп берилген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, былтыр кендердеги кырсыктардан жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылган. Алардын басымдуу көпчүлүгү уруксат берилбеген эски шахталарда көмүр казып жатып, набыт болушкан.