Аксыда адам өлтүрүү фактысы боюнча иштин бети ачылууда (видео)

1443

Кош бойлуу болуп калып, бирок боюндагы баланы алдыргысы келбеген кыздын, анын апасынын жана жеңесинин көзүн тазалоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү Аксы районунда бир үй-бүлөдө эки адам өлтүрүлгөн. Дагы бири, башына алган жаракатынан эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилди. Анын 4-5 айлык боюнда болгону аныкталган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмышка шектүү катары, реанимацияга түшкөн жабырлануучу менен жакын мамиледе болуп жүргөн 1988-жылы туулган жаран кармалды.