Активисттер Бакиевге үч куту ич кийим чогултуп беришти (видео)

1186

Качкын президент Курманбек Бакиевге арналган ич-кийимдер. Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер өзгөчө митинг уюштурушту. Кечээ күнү Казакстандын телеканалдарынын биринде Кыргызстандагы апрель окуясына байланыштуу даректуу тасма көрсөтүлүп, анда Белоруссияда баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин интервьюсу берилген. Кыргызстанда адамдарды өлтүргөн деп айыпталып, сыртынан өмүр бою соттолгон Бакиев 2010-жылы апрелде анын ич кийимдеринен бери алып кетишкенин айтып, убагы келгенде мекенине кайтып келээрин билдирген. Анын сөзүндө ачууланган активисттер, Курманбек Бакиевге жаңы ич-кийимдерди сатып алып жөнөтүүнү чечишкен.