Активисттер өкмөткө кандай талап коюшту? (видео)

562

Чек арадагы кырдаалга тынсызданган активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. Бирок нааразычылык акция уруксаты жок өтүп жаткандыктан, тартип сакчылары эскертүү берип, элди чагымчылдыкка алдырбай, тарап кетүүгө чакырды.
Буга чогулгандар нааразы болуп, ортодо пикир келишпестиктер чыгып, милиция кызматкерлери төрт кишини кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң кое беришти. Андан соң чогулгандар Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залына чакырылып, ал жактан өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери менен жолугушуу болду.