Активисттер, саясатчылар жана шаардыктар митингге чыгышты (видео)

820

Мурдагы каталар кайталанбашы керек! Бишкекте болгон «Таза шайлоо үчүн» митинг ушундай ураан менен өттү. Бийликтин кысымына каршы чыккан активдүү жарандар баш калаанын түштүк-чыгыш тарабындагы «24-март» скверинде чогулушту. 12 жыл мурда адилетсиз шайлоонун жыйынтыгына кыжырланган эл, Бишкектин дал ошол жеринде чогулуп, Ак үйдү көздөй бет алып, элдин эркине бут тоскон бийлик төңкөрүлгөн эле. Кечээ ал жерде чогулгандар бийлик революция менен эмес, таза шайлоо аркылуу алмашуусу керек, деп жатышты. Бул митингде чектен чыккан чакырыктар, мыйзамсыз ураандар айтылган жок. Болгону мыйзам алдында бардык жарандар, анын ичинде жогорку кызматтагылар дагы бирдей болушу керек, деген талаптар айтылды.