Активисттер соода борборлорунун коопсуздугун текшерүүнү талап кылышууда

932

Россияда 64 адамдын өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуядан кийин Кыргызстанда жарандык активисттер соода борборлорундагы коопсуздук чаралары боюнча элге маалымат берүүнү талап кыла баштады.

Социалдык тармакта 31-март күнү эс алуу жана соода түйүндөрүнө жапырт бойкот жарыялоо чакырыктары таратылууда. Анда активисттер чоң дүкөндөрдүн ээлери өрт коопсуздугун кандай камсыз кылып жатканы, өзгөчө кырдаалда имараттан чыгып кетүү жолдору каралганбы, лифт, эскалаторлордун техникалык абалы тууралуу жарандарга түшүндүрмө берип, өрт өчүрүүчүлөрдүн машыгууларын өткөрүү керектиги айтылат.

Ал арада Экотехинспекция өлкөдөгү базар, соода борборлору, окуу жайлар жана эл көп чогулуучу жерлердин коопсуздугун текшерүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын күтүп жатканын кабарлады.