Активисттер: Укук коргоо органдары саясатташып кетүүдөн сак болушу керек

1239

Бул тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрү атайын өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө айтышты. Активисттердин пикиринде, ири саясий иш-чаралардын алдында Улуттук коопсуздук комитетинин, Башкы прокуратуранын, сот органдарынын жана милициянын саясатка аралашып кетүүсүнүн алдын алуу зарыл.

Уюштуруучулардын айтмында, иш-чараны өткөрүүнүн себеби, акыркы убакта укук коргоо органдарынын абдан саясатташып, өздөрүнүн милдеттеринен алыстап кеткени болууда.