Активисттер вице-премьердин отставкасын талап кылышууда (видео)

746

Жарандык коомдун өкүлдөрү вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевге каршы Башкы прокуратурага арыз жазып, Боршайкомго кайрылышты. «Жарандык платформа» коомдун фондунун жетекчисинин айтымында, мамлекеттик кызматкердин белгилүү бир талапкерге үгүттөгөнү мыйзамды гана бузбастан, коомчулуктун калыс шайлоо өтөт деген үмүтүнө күмөн саноолорду пайда кылды. Ал гана эмес Зилалиев «Лигласс Трейдинг» менен түзүлгөн ийгиликсиз келишим боюнча да жоопкерчиликке тартылышы керек, дешет депутаттар. Себеби вице-премьер-министр Дүйшөнбек Текшербекович дал ушул иште жоопкерчиликти өзү алаарын бир нече жолу билдирген. Белгилүү болгондой, чехиялык компания алган милдеттемелерин аткара албай калганы аз келгенсип, эми Кыргызстанды сотко берем, деп коркутуп жатат.