Актриса Гульшара Дулатованын Эскерүү тактасы ачылды (видео)

931

Бишкекте белгилүү театр актрисасы Гульшара Дулатованын Эскерүү тактасы ачылды. Анын ачылышына министр өзү баш болгон маданият өкүлдөрү жана саясий ишмерлер катышышты. Иш чарага келген коноктор Гульшара Дулатованын сахнада ойногон чеберчилигин жогору баалап, жеке адамдык сапатына да токтолушту.

Көпчүлүк сахна чеберлери «апа» деп кайрылган Гульшара Дулатова театрда ойноодон тышкары, жаш актерлорду тарбиялап, 40 жылга жакын студенттерге билим берген. Анын жазган китеби бүгүнкү күнгө чейин окутулуп, өзү профессор наамына ээ болгон.