Акыйкат издеген сот (видео)

1299

Бишкектин Октябрь районунун соту Авчи Алиев Башкы прокуратурага кайрылды. Судья ага карата ачылган кылмыш ишин иликтөөнү УКМКнын коррупцияга каршы кызматынан башка органга өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген. Себеби тергөөнү алып барган кызмат анын ишине бир жактуу мамиле кылып жатат деп шек саноодо.

Эске сала кетсек, өткөн аптада Авчи Алиев Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасы Эрнис Чоткараевге ачылган кылмыш ишине тиешеси бар экени кабарланган. Ал айдоочуларга салынган айыпты кымырып алган деп күнөөлөнгөн. Авчи Алиев өзүнө коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп эсептейт. Учурда ага жана жардамчысына кысым болуп жатканын айтат.