Акыйкат корутунду чыгарганы үчүн жумуштан алынган кызматкер (видео)

987

Окумуштуу-илимпоздорго саясий куугунтук токтотулсун. Интеллигенция өкүлдөрү филология илимдеринин доктору Умут Култаеванын кызматтан алынышына нааразы. Профессор Өмүрбек Бабановдун 2017-жылы Оштогу сүйлөгөн сөздөрүн талдап, анда кылмыштын курамы жок деген бүтүм чыгарганы үчүн жумуштан айдалган.

Кыргыз Улуттук университетинин ректорунун айтымында, Үмүт Култаеванын эмгек келишиминин мөөнөтү аягына чыккан үчүн ушундай чечим кабыл алынган. Бирок ал келишим эмнеге узартылган жок деген суроого так кесе жооп айта албай койду.