Акыйкат шайлоо үчүн: админресурска каршы чара көрүлбөй жатат (видео)

786

Президенттик шайлоону өткөрүүгө тиешеси бар мамлекеттик органдар менен атка минерлер “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын кайрылуусуна кайдыгер мамиле кылууда. Мындан улам бийлик бутактарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгилеп коюу сунушталды. Болбосо шайлоо боюнча конституциялык мыйзамды бузган жогорку кызматтагы чиновниктер жоопкерчиликти сезбей, жер жерлерде административдик ресурсту колдонууну улантышууда. Эскерте кетсек, жакында эле жарандык кыймыл кичи мекендеринде үгүт иштери менен алектенип жүргөн аткаминерлердин тизмесин жарыялаган. Бирок БШК дагы шайлоолорду уюштуруу боюнча республикалык штаб дагы үн каткан жок. Ошондой эле, жарандык кыймылдын өкүлдөрүн белгилүү бир талапкердин сүйлөгөн сөздөрүн кескилеп, көбүртүп-жабыртып, каралоо уюштурулуп жатканы тынсыздандырат.