«Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы кайрылуу жасады

1156

«Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы президентке жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Абройлуу саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден түзүлгөн жарандык кыймыл үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзамсыздыкка чара көрүүнү суранат. Кайрылууда мурдагы муфтий, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин азыркы мүчөсү Чубак Жалиловдун эл менен жолугушууларынын биринде КСДПнын талапкерин колдоп, сөз сүйлөгөнү мыйзамсыз экени белгиленген. Ошондой эле, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда үгүт жүргүзүп сүйлөгөн сөзү боюнча да чара көрүү талабы айтылат.