«Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы президентке эскертүү берүүнү талап кылды

736

«Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы президент Алмазбек Атамбаевге эскертүү берүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Аталган кыймылдын өкүлдөрү билдиргендей, мамлекет башчысы бийлик тарабынан сунушталган талапкерге ачыктан-ачык үгүттөп жатат. Эске салсак, өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев талапкер Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат, деген айрым социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялаган.