Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракциялары 5 талапкер көрсөттү

1001

Өлкөнүн акыйкатчысынын кызматына Жогорку Кеңештин фракциялары 5 талапкер көрсөттү. Бүгүн бул маселе парламенттин тармактык комитетинде каралды. Анда КСДП фракциясы Токон Мамытовду сунуштаса, «Бир Бол» фракциясынан 3 талапкер көрсөтүлдү. Алар – жарандык активисттер Рита Карасартова, Маматураим Момунов, Рыскул Бактыбаев.

Ал эми «Ата Мекен» фракциясы юридика илимдеринин доктору Канатбек Азизди сунуштап жатат. Эми бардык талапкерлер Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда каралып, өлкөнүн башкы укук коргоочусу добуш берүү жолу менен тандалат.