Акыйкатчы президенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү боюнча штаб түздү

811

Эми аппараттын кызматкерлери добуш берүү процессинин жүрүшүнө күн сайын байкоо салып турушат. Ошондой эле, акыйкатчы Кубат Оторбаев Башкы прокуратурага кайрылып шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларга өзгөчө көңүл бөлүп, өз убагында чара көрүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну суранды.

Айрыкча башкы укук коргоочу Ош шаарындагы филармонияда бир талапкердин эл менен жолугушуусуна болгон тоскоолдуктарды, юридикалык академиядагы, Бишкек Гуманитардык университетинде, Токмок шаардык медициналык колледжинде айрым мугалимдер менен жетекчилердин студенттерди бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлап жатат, деген фактыларга башкы көзөмөл органы көңүл буруп, реакция жасашы керек, деп эсептейт.