Акыйкатчыны жаңы шайланган депутаттар тандайбы? (видео)

1679

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы Акыйкатчыны шайлоого жетишпей калышы мүмкүн. Серепчилер өлкөнүн башкы укук коргоочусун жаңы депутат болуп келгендер тандап алса туура болот деген ойлорун айтышууда. Мурдагы Омбудсмен Токон Мамытов октябрдын ортосунда кызматтан кеткенден бери бул орун бош турат.

Ушул тапта Акыйкатчылык кызматка барууга мурда бул жакта иштеп кеткендер азыркы эл өкүлдөрү аракет кылып жатышыптыр. Айрымдарынын документтери Жогорку Кеңешке келип түшкөнү белгилүү болду. Алар кимдер?