Акыйкатчынын кызматтан кеткенинин себеби эмнеде? (видео)

860

Кубат Оторбаевдин кызматтан кетүүсүнө кимдер кызыкдар болгон? Айрым депутаттар анын акыйкатчылыктан кетүүсүнүн себеби башкада деп болжолдошууда. Эске салсак, Кубат Оторбаев өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ал өзүнүн мындай чечими тууралуу билдирүү калтырып кеткен. Анда бул жакшылап ойлонулган чечим экенин, жана аны өз ыктыяры менен кабыл алганын жазган. Айрымдар анын мындай кадамын депутаттардын нааразычылыгы менен байланыштырууда. Белгилей кетсек, өлкө тарыхында Акыйкатчынын мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткени алгачкы ирет болуп жаткан жок. Эми мыйзам боюнча 1 айдын ичинде парламент жаңы омбудсменди шайлашы керек.