Акыйкатчысыз 2 ай (видео)

698

Акыйкатчы кызматына талапкерди сунуштоо дагы бир нече күнгө созулушу ыктымал. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришти. Алардын айтымында, маселе парламенттин бул аптадагы күн тартибине киргизилген эмес. Айрым эл өкүлдөрү болсо, Акыйкатчыны шайлоо маселесин тез арада, ушул аптада карап чыгуу зарылдыгын айтышууда. Себеби 2 айдан бери Омбудсмендин орду бош турат.

Ал эми мыйзамдын талабына ылайык, мурдагы Акыйкатчы кызматтан кеткенден кийин бир ай аралыгында жаңы Омбудсмен шайланашы керек болчу. Учурда бул кызматка көрсөтүлүшү мумкун, деген адамдардын саны 10го чукулдаган. Бирок расмий түрдө азырынча бир гана талапкер сунушталган. Өлкө Акыйкатчысы качан шайланат?