Акыйкатка ишенбеген Нарматова БШКны сотко бербейт (видео)

1679

Депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине каршы сотко кайрылбайт. Бул тууралуу экс-эл өкүлү өзү билдирди. Ал мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүрдү.

Нарматова жарандык позициясын активдүү билдирип, мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берерин билдирди. Эми талапка ылайык, анын ордуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинде кийинки турган талапкер аял депутат болуп келиши керек. Мыйзам боюнча Нарматова сотко кайрылбаса 3 күндөн соң мандат башка талапкерге берилүүгө тийиш.