Акыйткатчы институту: чек арадагы чыгымдар эсептелиши керек (видео)

725

Кыргызстандын акыйкатчысы чек арадагы кырдаалдан улам келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Жумушчу топ ишкерлер канча сомго зыян учураганын эсептеши керек, ал эми аны төлөөнү Евразиялык экономикалык биримдиктин отурумуна алып чыгуу зарыл.  Бир эле машинадагы товарды эсептегенде чыгым жарым миллион сомго чейин жетет. Ал эми чек арадан өтө албай жер-жемиштери бузулуп жаткан ишкерлер бир эле өткөрмө бекетинде 300дөн ашат. Азырынча ишкерлер тарткан зыяндын суммасы белгисиз. Аны эсептөөгө эч ким кирише элек.