Акылбек Жапаровдун демилгеси сөз эркиндигин чектөөбү? (видео)

736

Жаманды жашырып, жакшыны ашыра айтуу керекпи, же ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылабы? Депутат Акылбек Жапаров өлкөдө болуп жаткан терс жаңылыктарды жалаң гана кыргыз тилинде чагылдырууну сунуштоодо. Ал эми орус жана англис тилдеринде жагымдуу гана кабарларды жарыялоо керек экен. Жапаровдун айтымында Кыргызстанга келе турган чет элдиктер биздин өлкө жөнүндө малыматты алгач интернеттен алышат.

Андыктан аларды кызыктыруу үчүн орус тилдүү интернет басылмалардын терс маалыматтарды жазуусун токтотуу керек. Акылбек Жапаров Грузияда дал ушундай тартип 14 жылдан бери иштеп жатканын айтып, алардан үлгү алууга чакырды.