Акылдуу эсептегичи жоктордун дагы жарыгы өчүрүлөт (видео)

2097

Электр энергиясын чектөө кезеги «акылдуу эсептегичи» жок керектөөчүлөргө да келип жетти. “Түндүк электр” ишканасы чубалгылардагы ашыкча жүктөмдөн сактоочу жабдыкты электр карагайларынын баштарына орното баштады. Ага ылайык, жарандар электр энергиясын 5 киловаттан ашык колдонгон учурда абоненттин жарыгы автоматтык түрдө өчөт.

Бирок аны кайра калыбына келтирүү үчүн электриктерди чакырууга туура келүүдө. Андыктан тиешелүү адистердин жумушу да бир кыйла көбөйүп, күнүнө жок эле дегенде жарыксыз калган 3-4 кардар кайрылып жатыптыр. Тиешелүү мекеме мындай жабдык кышы менен орнотулуп чыгарын билдирүүдө.