“Акылдуу шаарды” эми өзүбүз ишке киргизе алабызбы? (видео)

762

«Акылдуу шаар» долбоорун эми Мамлекеттик каттоо кызматы, «Кыргызтелеком» ишканасы жана Бишкек-Ош мэриялары жүзөгө ашырмай болушту. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, учурда 3 мамлекеттик органга милдеттери бөлүштүрүлүп берилген. Жергиликтүү адистердин айтымында, Кыргызстанда аталган долбоорду ишке ашырууга кудурети жеткен ата-мекендик компаниялар менен кесипкөй адистер жетиштүү. Учурунда бул ири долбоор “Кыргызтелекомго” берилип, бирок белгисиз себептерден улам кайра артка алынган. Мамлекет ошондой эле, бул маселеге баш оту менен киришкенде азыр «Акылдуу шаар» долбоору иштеп, көп авариялар алдын-алынмак беле деген ой жаралат. Эми өкмөт долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн акырына чейин турабы? Бишкек-Ош шаарларына качан видеобайкоолор орнотулат?