Акыркы коңгуроо салтанаты кандай шартта өттү? (видео)

1219

Бүгүн өлкө боюнча акыркы коңгуроо салтанаты болду. Азем онлайн форматта өткөрүлдү. Мындай буйрукту Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу чыгарган.

Бир гана Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде иш-чара оффлай режимде гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду. Быйыл Кыргызстанда 61 миңден ашуун улан-кыз 11-классты аяктады.