«Ала-Арча» паркындагы жаңы система (видео)

434

Чүй областындагы «Ала-Арча» жаратылыш паркында автоматташтырылган шлагбаум пайда болду. Эми эс алуучулар мурдагыдай кассага эмес, терминал аркылуу төлөп өтүшөт. Ал жакка кире турган жөө адамдар үчүн төлөнө турган акы өзгөрүүсүз калса, унаалар үчүн баа жогорулады.

Алсак, жеңил унаа, бусик жана автобуска төлөнө турган сумма ар кандай болот. Прейскурант Монополияга каршы кызматы тарабынан бекитилген. Ал эми автоматташтырылган системаны орнотууга баш-аягы 8,5 миллион сом корогон.