Ала-Арча суусуна агып кетип, изделип жаткан 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

876

Чүй областындагы Ала-Арча суусуна агып кетип, изделип жаткан 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Байтик айылында бир адам Ала-Арча суусуна кулап кетип, табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон аймакка жалпысынан 20 куткаруучу тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Ал арада, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында тоого эс алганы чыккан төрт кишинин экөө тоодон кулап кетип, бири каза тапты. Тиешелүү кызматка маалымат 15-июль күнү түнкү саат 02:00 түшкөн. Жерине жалпы 10 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.