Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тоңгон муздан тазалоо иштери уланууда

780

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тоңгон муздан тазалоо иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда, учурда суунун деңгээли көзөмөлдөнүп жатат. Куткаруучулар жүргүзүп жаткан иштерге Бишкек шаарынын мэриясы да кол кабыш кыла баштаганы кабарланды.

Эске салсак, 2 күн мурда борбор калаадагы Биринчи май районунунда Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, ал турак-жайлардын короолорун, жер төлөлөрүн каптай баштаган. Ыкчам чаралар көрүлүп, дарыяларды тоңгон муздан тазалоо үчүн атайын оор техникалар жана куткаруучулар тартылган.

Аракеттердин натыйжасында, ири суу каптоого жол берилген эмес. Тазалоо иштери кечээ да улантылып, дарыяны бойлой отурукташкан тургундардын турак-жайлары көзөмөлгө алынган.