Ала-Арчада аскадан кулап кеткен экинчи альпинисттин сөөгү табылды

739

“Ала-Арча” улуттук паркында аскадан кулап кеткен экинчи альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кырсык 15-февралда катталып, анда Литванын 2 жараны саякаттап жүрүп, тоодогу чуңкурга түшүп кетишкен.

Аларды издөө 16-февралда башталып, куткаруу иштерине Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан тик учак жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган.

Анын натыйжасында, кечээ бир альпинист жаракат алган абалда табылган. Ал тик учак менен Бишкек шаарына жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Ал эми экинчи саякатчы аскадан кулап, набыт болгон.