Ала-Арчадагы өрт боюнча кылмыш иши козголду (видео)

568

Улуттук “Ала-Арча” эс алуу жайындагы чыккан өрт боюнча «Токойго зыян келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Учурда сейил багында 10 куткаруучу нөөмөттө туруп, көз салууда. 31-августта “Ала-Арча” эс алуу жайында тутанган от 30 гектарга жакын аянтты каптаган. Аны өчүрүүгө 200гө чукул куткаруучу тартылган болчу.