Ала-Белде айдоочу өзүнүн жүк ташыган унаасынын алдында калып каза болду

683

Аба ырайынын суукташы менен Ош-Бишкек жолунда жүрүү кыйындап, адам өлүмү менен аяктаган кырсыктар катталууда. Кечээ Ала-Бел ашуусунда бир айдоочу өзүнүн жүк ташыган унаасынын алдында калып каза болду.

Маалым болгондой, ал жол туман болгон учурда унаасы бузулуп калган башка айдоочуга жардам берүү үчүн токтоп, өз машинасынын дөңгөлөгүнө таш коюуга аракет кылган. Жол тайгак болгондуктан, анын жүк ташуучу унаасы 30 метрдей артка сүрүлүп, айдоочуну басып калган. Жабырлануучу жакын жердеги Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, бирок оор жаракаттарынан улам каза болуп калган.

Белгилүү болгондой, кар жаагандан улам Бишкек-Ош трассасы кечээ таңда бир тараптуу жабылып, Ала-Бел ашуусунда 200дөй унаадан турган тыгын жаралган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды Төө-Ашуу жана Ала-Белде машиналардын ортосундагы аралык менен ылдамдык режимин так сактоого чакырат. Ошондой эле, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу кажет экенин эскертет.