Ала качууну алдын алган милиция кызматкери (видео)

626

Прокурор соттон Бурулайдын иши боюнча айыпталган 5 милиция кызматкерин 5 жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Чүй областынын Аламүдүн райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү боюнча тартип сакчыларына карата козголгон ишти кароо улантылды. Нөөмөттөгү кызматкер, автоматчы, тергөөчү жана 2 инспектор шалаакылык беренеси боюнча айыпталууда.

Анда жабырлануучу тарап 2 инспекторду актап, калган үчөөнү камакка алууну өтүндү. Буга чейин Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган Марс Бөдөшев 20 жылга, анын досу 7 жылга эркинен ажыратылган. Бирок бул окуя айрым адамдарга сабак болбоптур. Жакында эле Жайыл районунда кайрадан кыз ала качуу фактысы катталды. Кылмышка шектүү 4 адам азыр тергөө абагында.