Ала-Тоо аянтында футболчуларды тосуп алуу салтанаты өтөт

751

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол командасын тосуп алуу салтанаты Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт.

Буга чейин футболчулар 24-январда таң атпай Бишкекке келери айтылган, бирок өкмөт күйөрмандар менен футболчулардын жолугушуусу расмий салтанат менен өтөрүн кабарлады.

Иш-чара 24-январда түшкү саат 15:00дө башталып, бийликтен да жогорку өкүлдөрдүн келиши күтүлүп жатат. Футболчуларды тосуп алуу салтанаты шоу-концерт менен коштолот.

21-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен Азия кубогунун алкагында 1/8 финалдык бөлүктө ойношту. Бул беттеш 2:3 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктап, Кыргызстан кубоктон четтеген.

Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.