Ала-Тоо аянтындагы окуядан 2 адам жаракат алып, бири набыт кетти

713

Бишкек шаардык милициясы мурдагы түнү болгон мушташ тууралуу маалымат таратты. 24-февралда Ала-Тоо аянтында балдар сабашып жатканы тууралуу чакыруу түшкөн. Бирок ал жакка тартип сакчылары барганда эч ким болгон эмес. Ал арада ооруканага 19 жаштагы жигит бычак жеп түшкөнү, операция учурунда каза тапканы боюнча маалымат чыгат. Ал окуяда дагы бир адам жаракаттарды алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, төмөндөгүй жагдайлар аныкталат. Жабырлануучу 24-февралда туулган күнүн белгилеп, эки кызды конокко чакырат. Бирок балдар менен кыздардын ортосунда чыр чыгып, алар досторун алып келишет. Эки тарап ортосундагы тиреш мушташка айланып, туулган күн өткөрүп жаткан эки балага бычак сайылат. Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы адам кармалып, камакка алынды.

Учурда мушташка катышкан башка дагы кишилер изделүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.