Ала Тоо жаңы конушундагы суу каптаган турак жайлар (видео)

5186

Нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Бишкектин Ала Тоо конушундагы бир катар турак жайды суу каптап, жер төлөлөрү сууга толду. Үй ээлери төрт күндөн бери өз алдыларынча абалдан чыгуунун аракетин көрүшкөнү менен кайра эле короолору ылай сууга толуп калууда. Айласы кеткенден жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышып, бирок эч кандай жардам болгон эмес.

Бүгүн гана райондук администрациядан бир экскватор бөлүнүп, суунун нугун буруу менен маселе убактылуу чечилди. Жергиликтүү тургундар Ала Тоо менен Ак Ордо конуштарын бириктирген Айбийке көчөсүнүн жолун салууда ирригация түйүндөрү толук жасалбагандыктан ушундай койгөй келип чыкканын белгилешүүдө.