Алай районунда 700 кубметр көлөмүндөгү кар көчкү бир унааны басып калды

790

Ош областынын Алай районунун Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автожолунда эки жолу кар көчкү жүрүп, анын биринде көчкү бир унааны басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, унаа ичинде калгандарды жол оңдоо ишканасынын жумушчулары алып чыгууга үлгүрүшкөн.

Ал эми машинанын өзүн куткаруучулар чыгарышкан. 600 жана 700 кубметр көлөмүндөгү көчкүлөр 5-февраль күнү саат 18:30 дан 19:30 га чейин жүргөн. Учурда трасса толугу менен кардан тазаланды дешет адистер.

Эске салсак, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, айдоочуларга кар көчкү түшүү коркунучтары бар экенин жана этият болуу зарылдыгын эскертишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.