“Алай” спорт комплексинде жаңы футзал аренасы ачылды (видео)

2854

Заманбап технологияга ылайык жабдылган жаңы спорттук арена. Быйыл Бишкек шаарында эл аралык стандартка жооп берген футзал ойноочу алгачкы аянт пайда болду. Ишкер Альберт Акматалиевдин жардамы менен курулган биринчи жабык оюн талаасында футбол ойногусу келгендердин саны арбын. Залда футбол ышкыбоздору үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Алай» спорт комплексинин жетекчисинин айтымында, эми бул жерде эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, бокс, эркин күрөш залдары дагы пайда болот.