Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга китеп жөнөтүлдү

5064

Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери жөнөтүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан бир ай мурун Алайдын Сары-Могол айылына туруктуу жашоо үчүн 50 памирлик кыргыз үй-бүлөсү менен көчүрүлүп келген.

Китептер Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерине тапшырылган. Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.