Алайда бир апта мурда дайынсыз жоголгон мергенчинин сөөгү табылды

745

Бул тууралуу Будалык айыл аймагынын башчысы Залкарбек Каримов билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү бүгүн түштөн кийин 3:30 чамасында, Кум-Бел жайлоосунда табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны кар көчкү басып калган. Ошол убакта ал башы менен ташка урунуп, эсин жоготуп койгон болушу мүмкүн деп айтылууда.

Эске салсак, 28-январь күнү аталган райондун Октябрь айылынын 50-жаштагы тургуну эртең мененки саат сегизде Сары-Күнгөй жайлоосу тарапка аң улоого кетип, ошону менен кайтып келген эмес. Аны издөө иштерине 200гө жакын киши тартылган болчу.