Алайда дайынсыз жоголгон мергенчи издөө иштери уланууда
2619
Алай районунун Будалык айыл аймагынын тургуну 4 күн мурда аң улаганы кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, мергенчи 28-январь күнү эртең менен саат сегиздер чамасында үйүнөн чыгып, аймактагы Сары-Күнгөй тоосун көздөй бет алган. Түштөн кийин саат төрттөрдө үй-булөсү менен телефон аркылуу байланышка чыккан.
Тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, мергенчини издөө иштери 1 күндөн кийин башталып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, дайынсыз жоголгон жарандын туугандары жана милиция кызматкерлери болуп, жалпысынан 200гө жакын киши тартылган.