Алайдагы тарыхый жерлер талкалануу коркунучунда турат (видео)

4752

Алайда уникалдуу петроглифтерди талкалоо — бул вандализм жана ага тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирүү таратты. Мекеме жерине атайын адистерди, археологдорду жөнөтө турган болду. Алар тарыхый баалуулуктарга келтирилген зыяндын көлөмүн иликтеп чыгышат.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарда Алайда көмүр казгандар петроглифтерди талкалап жатканы коомчулукта катуу нааразычылыктарды жараткандан кийин жеке компаниянын иши убактылуу токтотулган. Тарыхчылар болсо тезинен чара көрүлбөсө, 3-4 миң жылдан бери сакталып келген бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши мүмкүн деп чоочулап жатышат.