Алайдагы жайыт Өзбекстанга берилди деген маалымат төгүндөлдү

1235

Алай районундагы жайыт Өзбекстанга берилди деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош областындагы өкүлчүлүгү билдирүү таратты. Кечээ күнү айрым басылмаларда Сары-Таш жайлоосу кошуна өлкөгө берилмей болуптур деген маалыматтар тараган.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча, чындыгында эле кечээ Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш област жетекчилеринин алгачкы кеңешинде коңшулар жайыт маселесин көтөргөн.

Өзбекстан тарап Союз учурунда пайдаланып келген Сарыташ жайлоосун ижарага алууну жандантууну сунуштап, ал эми Кыргызстандын өкүлдөрү бул маселе кийинчерээк каралаарын гана билдирген. Жайыт кошуна мамлекетке берилет деген сөз чындыкка туура келбейт, дейт Ош областтык администрациясы.