Алайкууда кар калың түшүп, электр энергиясы өчүп, жолдор жабылды

865

Алайкууда калың түшкөн кар жергиликтүү элге кыйынчылыктарды жаратууда. Аймакта электр энергиясы өчүп, жолдор жабылды. Жашоочулардын айтымында, кардын калыңдыгы 35 сантиметрге чейин жетти.

Анын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрү үч күндөн бери жарыксыз калган. Райондун борборуна баруучу жолдор жабылып, кыштактагы дүкөндөрдө азык-түлүк азая баштаганы айтылууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, учурда электриктер жеринде иш алып барып жатышат.