Аламүдүн: өрт үйлөрдү каптап кете жаздаган (видео)

796

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таштандыны өрттөөдөн алыс болууга чакырат. Эгер бул аракеттин кесепетинен кырсык келип чыкса, себепкерге катуу чара көрүлөөрү эскертилет. Соңку суткада эле, өлкө аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, алардын көбү — куураган чөптү күйгүзүүдөн улам келип чыккан. Мындай көрүнүш түндө Чүй областынын Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында катталды. Анын кесепетинен бир жарым гектар жер өрттөнүп кеткен.