Аламүдүн районунда адамдын жансыз денеси табылды

2105

Чүй облусунун Аламүдүн районунда адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучуларга Энергетиктер шаарчасындагы үйлөрдүн жанындагы люкта адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз адамдын жансыз денеси сасып, жыттанып кеткен.

«Жансыз дене болжол менен 3-4 күн жаткан окшойт. Бирок так айта албайбыз», — деп билдиришти күбөлөр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.